Home
Categories
EXPLORE
True Crime
Comedy
Society & Culture
Business
Sports
History
Fiction
About Us
Contact Us
Copyright
© 2024 PodJoint
00:00 / 00:00
Sign in

or

Don't have an account?
Sign up
Forgot password
https://is1-ssl.mzstatic.com/image/thumb/Podcasts125/v4/8e/db/c4/8edbc48c-9359-067f-61b0-ce3cc18bc1cd/mza_17727211157949518559.jpg/600x600bb.jpg
Айылга арналган өмүр
Barchyn Mamytbekova
8 episodes
1 day ago
“Айылга арналган өмүр” подкасты айылдагы мугалимдер жөнүндө. Гүлбарчын Мамытбекова Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айылдык мектепте 24 жылдан бери мугалим болуп иштейт. Ал өзү иштеген чөйрөдөгү мугалимдердин эмгеги, түмөн түйшүгү, коомдогу ролу жана орду, “өкмөттүн” балдары деп жүрүп өз балдарын унутта калтырган ж.б учурлар тууралуу аралашып жүрүп, абдан жакшы билет. Ошондуктан жөнөкөй айылдык мугалим, алардын ийгилиги, кубаныч-кайгысы, чет жерге жакшы жашоо издеп кетип, ал жерден көргөн кыйынчылыгы, үй-бүлөлүк жашоосунун оома
Show more...
Education
RSS
All content for Айылга арналган өмүр is the property of Barchyn Mamytbekova and is served directly from their servers with no modification, redirects, or rehosting. The podcast is not affiliated with or endorsed by Podjoint in any way.
“Айылга арналган өмүр” подкасты айылдагы мугалимдер жөнүндө. Гүлбарчын Мамытбекова Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айылдык мектепте 24 жылдан бери мугалим болуп иштейт. Ал өзү иштеген чөйрөдөгү мугалимдердин эмгеги, түмөн түйшүгү, коомдогу ролу жана орду, “өкмөттүн” балдары деп жүрүп өз балдарын унутта калтырган ж.б учурлар тууралуу аралашып жүрүп, абдан жакшы билет. Ошондуктан жөнөкөй айылдык мугалим, алардын ийгилиги, кубаныч-кайгысы, чет жерге жакшы жашоо издеп кетип, ал жерден көргөн кыйынчылыгы, үй-бүлөлүк жашоосунун оома
Show more...
Education
Episodes (8/8)
Айылга арналган өмүр
Мугалим-кара таман интеллигент

"Айылга арналган өмүр"  подкастынын жаңы чыгарылышында Ак-Талаа районундагы Э.Карсартов атындагы орто мектебинин мугалими Айна Жакыпова менен маектештик. Көркөм сөзгө чебер эже  менен  мугалимдердин бардык доордогу жашоосу, кыйынчылыктары, окуучулардын китебинин ижара акысына айлыгын кармап калып, кесиптеши ыйлаган кезди,  учурдагы аралыктан окутуу, мугалимдердин эмгекчилдиги, келин-кайын эне мамилеси, үй-бүлөсү тууралуу кызык окуяларды эске салдык.

Show more...
5 years ago
30 minutes 48 seconds

Айылга арналган өмүр
Баары жакшы болот...

"Айылга арналган өмүр"  аттуу  подкасттын бул чыгарылышында жаш мугалимдер Ширин Рыскелдиева жана  Тураркан Нурдөөлөтова мугалимдик алгачкы жылдардагы кыйынчылыктар, жаңы коллективге көнүү жана ордун табуу үчүн жасалган аракеттер, сүйүү, үй-бүлөдөгү мамилелер тууралуу ой бөлүштү.  "Жакшы гана ойлорду ойлош керек. Баары жакшы болот" деген каармандар учурдагы өзгөчө кырдаал бир прогресске алып барат деп ишенишет.

Show more...
5 years ago
36 minutes 48 seconds

Айылга арналган өмүр
Бул жашоо кайтар дүйнө...

Ардактуу угарманым! Айылга арналган өмүр" подкастымдын жаңы чыгарылышы даяр болду. Бул жолу бир топ жылдар аскер кызматында жүрүп, билим берүү тармагына кокусунан келип калган Каныбек агай менен жашоо, өмүр, сүйүү, үй-бүлө, бала тарбиясы жана учурга байланыштуу билим берүүнүн абалы тууралуу сүйлөштүк. "Бирөөгө жамандык кылгандан корком. Баары кайтып келет. Анткени бул дүйнө кайтар дүйнө деген каарманыбыз сүйүү бар деп ишенет.

Show more...
5 years ago
28 minutes 30 seconds

Айылга арналган өмүр
Жалгыз бой аял жана коом

Ардактуу угарманым! “Айылга арналган өмүр” долбоорунун жаңы чыгарылышын сунуш кылам. Сиздерге мурда кабарлагандай бүгүн жалгыз бой мугалим эне менен маектешебиз. Каарманым Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими Нурзат Молдакунова.

Адам баласы бул дүйнөгө жаралганда анын мандайына жазылган тагдыры болот жана андан эчким эч кайда качып кутула албайт деп айтылат эмеспи. Арабызда мына ошондой бешене менен жалгыздыктын кучагында жашаган жалгыз бой энелер бар. Бирок алар жалгызмын деп отуруп калбай балдарын да багып, билим берип, тарбиялап, ошол эле учурда кызматта да иштеп келишет.

Убактыңызды бөлүп угуп жана бөлүшүп коюңузду өтүнөм! Чоң рахмат угарманым!

Show more...
5 years ago
26 minutes 11 seconds

Айылга арналган өмүр
Үйдү сагынганда, куса болгондо ырдайм...

"Айылга арналган өмүр" подкастымдын бул чыгарылышында мигрант мугалим менен маектештик. Мектепти таштап, мугалимдердин да мигрант болуп, сыртка чыгып кетиши өкүнүчтүү!

Жашоо адамды дүйнөнүн кайсы гана тарабына таштабайт. Учурда дегеле кыргыз баласы жүрбөгон дүйнөдө өлкө жок болсо керек. Мен дагы бир учурда мигрант баскан жолду басып, даамын татып көрдүм эле. Бирде сүйүнгөн, бирде күйүнгөн көп күндөрдү кечирдим... Мигранттын сапары дайыма эле ойдогудай ачык жана байсалдуу боло бербей турганын, акча арыкта агып турбасын жон терим менен сездим. Анда эртен сөзсүз жай турмуш келет деген тилек менен каарманым Жеңишкүл Бактыбай кызы менен Москванын  таасирлери, жашоосу жана мектептеги иштеген жылдары, үй-бүлөсү, ата-энеси тууралуу сүйлөштүк

Долбоор "Сорос Кыргызстан" фондусунун колдоосу менен даярдалды. Материалдагы маалыматтар фонддун пикирин билдирбейт!

Угарманым! Убактыңыз болгондо угуп  жана бөлүшүп коюшунузду өтүнөм. Алдын ала чоң рахмат. Урматым менен Барчын.

Show more...
5 years ago
31 minutes 16 seconds

Айылга арналган өмүр
Апийим кырган ак таңдар

Подкасттын бул чыгарылыштагы каарманы -Светлана Кенеева. Ак-Талаа районундагы орто мектепте биология мугалими болуп эмгектенген. Үй-бүлөдө 14 бир туугандын улуусу.  "Лягушка прыгает" дегенден башканы түшүнбөгөн   Света эже  студенттик жылдары, таң атпай апийим кырган, пахта терген айыл чарба жумуштары турмушка бышырганын айтат.  Комсомолдо иштеп жүргөндөгү жоопкерчилик, уй фермаларда өткөргөн күндөр, мектептеги жылдардагы кызыктуу окуялар, түйшүктүү иш  жана жеке турмушу тууралуу кызыктуу маек куруп берди. 

Show more...
5 years ago
21 minutes 21 seconds

Айылга арналган өмүр
Жаштыктын өзү курч тура..
"Айылга арналган өмүр" подкастынын бул чыгарылышында Ак-Талаа районундагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин орус тили мугалими Нарынкүл эже менен аралыктан сүйлөштүк. "Жогорку окуу жайын сырттан окудум. Коркуу сезими болгон эмес. Балким жаштыктын өзү курч болот тура" деген Нарынкүл эже кырдаалга байланыштуу онлайн сабактар кандай өтүлүп жатканын, кыйынчылыктарын айтып берди.
Show more...
5 years ago
27 minutes 9 seconds

Айылга арналган өмүр
“Айылга арналган өмүр” подкасты айылдагы мугалимдер жөнүндө подкаст

Урматтуу угармандарым!  Менин "айылга арналган өмүр" подкастымдын   "Кыялы ишке ашпай калган Чолпон эже" деген аталыштагы  биринчи чыгарылышын сунуштайм! Подкастым Ак-Талаа районунда мугалимдик, жетекчилик кызматтарда эмгектенип келген Чолпон Рысбаева жөнүндө болмокчу. Белгилүү комузчу Нурак Абдырахмановдун эн алгачкы шакирттеринин бири болгон Чолпон эже "Кабагың бүркөө, артис боло албайсын" деген сынды укканына карабай сахна адамы  болууну кыялданган. Иштен рахат алам деген каарманыбыз учурда бала бакчанын жетекчиси. Эженин  мугалимдик өмүр жолу сиздерди кайдыгер калтырбайт деп ишенем. Подкаст тууралуу бардык ой-пикирлерди кабыл алууга даярмын! Балким кийинки подкастымдын каарманы сиз болуп калышыныз дагы ыктымал!

Show more...
5 years ago
20 minutes 5 seconds

Айылга арналган өмүр
“Айылга арналган өмүр” подкасты айылдагы мугалимдер жөнүндө. Гүлбарчын Мамытбекова Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айылдык мектепте 24 жылдан бери мугалим болуп иштейт. Ал өзү иштеген чөйрөдөгү мугалимдердин эмгеги, түмөн түйшүгү, коомдогу ролу жана орду, “өкмөттүн” балдары деп жүрүп өз балдарын унутта калтырган ж.б учурлар тууралуу аралашып жүрүп, абдан жакшы билет. Ошондуктан жөнөкөй айылдык мугалим, алардын ийгилиги, кубаныч-кайгысы, чет жерге жакшы жашоо издеп кетип, ал жерден көргөн кыйынчылыгы, үй-бүлөлүк жашоосунун оома