
Урматтуу угармандарым! Менин "айылга арналган өмүр" подкастымдын "Кыялы ишке ашпай калган Чолпон эже" деген аталыштагы биринчи чыгарылышын сунуштайм! Подкастым Ак-Талаа районунда мугалимдик, жетекчилик кызматтарда эмгектенип келген Чолпон Рысбаева жөнүндө болмокчу. Белгилүү комузчу Нурак Абдырахмановдун эн алгачкы шакирттеринин бири болгон Чолпон эже "Кабагың бүркөө, артис боло албайсын" деген сынды укканына карабай сахна адамы болууну кыялданган. Иштен рахат алам деген каарманыбыз учурда бала бакчанын жетекчиси. Эженин мугалимдик өмүр жолу сиздерди кайдыгер калтырбайт деп ишенем. Подкаст тууралуу бардык ой-пикирлерди кабыл алууга даярмын! Балким кийинки подкастымдын каарманы сиз болуп калышыныз дагы ыктымал!