Home
Categories
EXPLORE
True Crime
Comedy
Business
Society & Culture
Sports
Health & Fitness
Technology
About Us
Contact Us
Copyright
© 2024 PodJoint
Loading...
0:00 / 0:00
Podjoint Logo
US
Sign in

or

Don't have an account?
Sign up
Forgot password
https://is1-ssl.mzstatic.com/image/thumb/Podcasts122/v4/a3/b0/51/a3b05149-20a9-3454-5f8d-106937477dfc/mza_14165713174893553128.jpg/600x600bb.jpg
"Токой тили"
Gulnaz Kambaralievna
12 episodes
4 days ago
Салам! Менин атым Гүлназ Камбаралиева. Мен Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылында жашайм, менин айылымда, дээрлик кылымдарды карыткан жаңгак дарактары бар дүйнөдө уникалдуу жана жалгыз токойдун четинде туулуп-өскөнүм үчүн абдан сыймыктанам. Бала кезден менин эсимде, айылдарды курчап турган укмуштуудай кооз табият, токойдогу жандуу турмуш, дарактар мунун баары менин бала чагым!. Ал эми токойго барганда бак-дарактар, чөптөр, гүлдөр өз алдынча жашоо өткөрүп, өз тилинде сүйлөгөн башка дүйнөгө кирип кеткендей болчумун. Бул өзгөчө тил менин “Токой тили” деп аталган подкастыма арналды.
Show more...
Places & Travel
Society & Culture
RSS
All content for "Токой тили" is the property of Gulnaz Kambaralievna and is served directly from their servers with no modification, redirects, or rehosting. The podcast is not affiliated with or endorsed by Podjoint in any way.
Салам! Менин атым Гүлназ Камбаралиева. Мен Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылында жашайм, менин айылымда, дээрлик кылымдарды карыткан жаңгак дарактары бар дүйнөдө уникалдуу жана жалгыз токойдун четинде туулуп-өскөнүм үчүн абдан сыймыктанам. Бала кезден менин эсимде, айылдарды курчап турган укмуштуудай кооз табият, токойдогу жандуу турмуш, дарактар мунун баары менин бала чагым!. Ал эми токойго барганда бак-дарактар, чөптөр, гүлдөр өз алдынча жашоо өткөрүп, өз тилинде сүйлөгөн башка дүйнөгө кирип кеткендей болчумун. Бул өзгөчө тил менин “Токой тили” деп аталган подкастыма арналды.
Show more...
Places & Travel
Society & Culture
Episodes (12/12)
"Токой тили"
Туруктуу өнүгүү жана биоартүрдүүлүктү сактоо үчүн билим берүү

Азыркы учурда дүйнөлүк проблемага айланган экологиялык маселелер тууралуу "Туруктуу өнугүү жана биоартүрдүүлүктү сактоо үчүн билим берүү" боюнча 5 жылдан бери Кыргызстандын түштүгүндө Базар-Коргон районунда окутуулар болгон. Окутуу эмнелерди берет? Максаты кандай? Окуучулар жана мугалимдер кандай кабыл алып жатканы боюнча тренерлер Нурсыйда Базаркулова, Гулнара Пусурова Адылбек кызы Нуризалар менен баарлаштым.

Show more...
2 years ago
30 minutes 48 seconds

"Токой тили"
"Парктар маршы"

Салам! Бул “Токой тили” подкасты. 

Жыл сайын апрель айынан июнь айына чейин КМШнын көптөгөн өлкөлөрүндө “Парктардын маршы” экологиялык акциясы өткөрүлөт. Бул акциянын жүрүшүндө улуттук парктар жана коруктар эшигин ачып, алардын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, жаратылыш аймактарын колдоо жана сактоо идеясынын айланасында биригишет.

Быйыл Парктар маршы “Табигый экосистемаларды – сактоо жана калыбына келтирүү” деген ураан астында өтүүдө. Бул чакырык БУУнун 2021-2030-жылдарды экосистеманы калыбына келтирүүгө арналган он жылдык деп жарыялоосун кайталайт. Табигый экосистемалар климаттын өзгөрүшүн жөнгө салууда адамдын негизги жардамчысы болуп саналат. Бирок адам көп учурда мындай жардамды баалабайт. Анын туура эмес иш-аракеттеринен - ​​токойлорду ашыкча кыюу, саздарды кургатуу, айлана-чөйрөнүн булганышы - экосистемалардын деградациясына алып келет. Натыйжада бул климаттык процесстерге, демек, адамдардын жыргалчылыгына терс таасирин тийгизет. Базар-Коргон районунда «Парктар маршы» акыркы бир нече жылдан бери Дашман мамлекеттик коругунун аймагында өткөрүлүп келет, иш-чара быйыл да четте калган жок: акция коруктун аймагында 31-майда өттү. Кызматкерлер өздөрүнүн резервин Фергана өрөөнүнүн «жаңгак казынасы» деп аташат».

Show more...
3 years ago
17 minutes

"Токой тили"
Токой үчүн жооптуу мезгил.

Аз күндөрдөн кийин көпчүлүк Базар-Коргондуктар үчүн өтө жооптуу мезгил – жаңы жайыт мезгили келет. Кыштактардагы малдар, жакын жайлоого айдалат же салт боюнча жайлоого жөнөтүлүп, күзүндө гана кайтып келет. Биздин жана коңшу облустарда жаңгак токоюнда жайлоодо жүргөн малды көп кездештирүүгө болот.

Малдын токойго келтирген зыяны тез арада көңүл бурууну талап кылган эң курч көйгөй болуп саналат. Аны кантип чечуу керек жана малдар болжолдогондой жайытта багылат, ал эми жерлер өз кезегинде кыйрап калбай, малды толук тоют менен камсыз кылуу учун эмне кылуу керек? Ушул жана башка суроолорго бүгүн менин конокторум - Акман айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы Медет Исаков жана Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директору Зулум Семетеев жооп беришет. 

Show more...
3 years ago
23 minutes 28 seconds

"Токой тили"
"Токойдогу жаз"

Салам! Бул Токой тили подкастынын биринчи эпизоду. Сиздер менен Гулназ Камбарали кызы. Подкастта биз токойдун тилинде токой жөнүндө сүйлөшөбүз!

Жаз - биздин токойдун жаңы жаралган мезгили: бак-дарактар ​​жана бадалдар жаш жалбырактарга ээ болуп, аба гүлдөгөн бадам, өрүк, алма бактарынын жытына толуп, жер астынан уламдан-улам жаңы чөптөр чыгып жаткан керемет мезгил. Бирок мунун баарына жашыл жана сулуулукка дароо кам көрүү жана көңүл бурууну талап кылат. Токойдо жазгы талаа иштери башталат.

Бүгүн менин коногум Арстанбап-Ата токой чарбасынын директору Батырбек  Уметов жана ижарачыБарпы Мирзакулов алар менен токойду кыштан кийин калыбына келтирүү үчүн азыртан кантип кам көрүү керектиги жөнүндө сүйлөшөбүз.
Show more...
3 years ago
17 minutes 24 seconds

"Токой тили"
Токой тили подкастын чыгаруу тарыхы

Салам! Менин атым Гүлназ Камбарали кызы. Мен Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылында жашайм, менин айылымда, дээрлик кылымдарды карыткан жаңгак дарактары бар дүйнөдө уникалдуу жана жалгыз токойдун четинде туулуп-өскөнүм үчүн абдан сыймыктанам.

Бала кезден менин эсимде, айылдарды курчап турган укмуштуудай кооз табият, токойдогу жандуу турмуш, дарактар мунун баары менин бала чагым!.

Ал эми токойго барганда бак-дарактар, чөптөр, гүлдөр өз алдынча жашоо өткөрүп, өз тилинде сүйлөгөн башка дүйнөгө кирип кеткендей болчумун. Бул өзгөчө тил менин “Токой тили” деп аталган подкастыма арналды.
Келген конокторум менен бирге токойго, андагы чачылган жайыттарга кантип жардам беребиз, анын белектерин кантип пайдаланып, жаратылыш байлыгыбызга зыян келтирбей аны сактоого, келечек муунга жаратылышты коргоону үйрөтсөк болот, мына ушул жана кызыктуу токой жонундо сүйлөшөбүз. токойду жана андагы бардык жан-жаныбарларды сактоонун эстафетасын балдарга өткөрүп берүү бизден.

«Токой тили» подкастын эки жумада бир жолу ишемби күндөрү саат 12:00дө угуңуз! Токой
үчүн пайдалуу жана сооптуу иш кылууга убакытты текке кетирбеңиз!

Show more...
3 years ago
2 minutes 13 seconds

"Токой тили"
Аида Медетбек кызы: Ар бир аял сулуу, күчтүү

Аида Медетбек кызынын тагдыры, анын ийгиликтери, дин жана үй-бүлө маселеси боюнча "Кел баарлашалы" подкастынын алтынчы саны жарыкка чыкты. Маек өтө кызыктуу, таасирдүү жана ар бир аялга дем күч бере алган мотивацияга ээ подкаст.

Show more...
5 years ago
21 minutes 58 seconds

"Токой тили"
Мен жакшы апамынбы?

Ар бир апа "Мен жакшы апамынбы?" деген суроону өзүнө берет? Мен балдарыма жакшы тарбия бердимби, мээрим төгүп, анын ичиндеги уйгу-туйгусун, көйгөйлөрүн чече алдымбы же жумуш, тиричилик, байлык, акча деп жүрүп балама көңүл бура албадымбы?-деген суроолордун тегерегинде "Кел баарлашалы" подкастынын бешинчи саны жарык көрдү. Подкастта апалар балдары, өздөрү жөнүндө кандай апа экендиги жөнүндө айтып беришет.

Подкаст "Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосу менен даярдалды. Айтылган ой-пикирлер "Соро-Кыргызстан" фондунун көз карашын билдирбейт. 

Show more...
5 years ago
31 minutes 6 seconds

"Токой тили"
Аял жана кесип

Жашоонун оор кыйышына карабай аял күчтүү экенин дагы бир жолу далилдегим келген бул подкастта каарманым Айсезим турмушундагы кездешкен оор түйшүктү жеңип, өз каалаган аскердик кесиптин ээси болгонун анын турмуш жолундагы көргөн кордуктары жөнүндө баяндайт. Бул подкасттан ар бир аял өзүнө мотивация алат деп ишенемин

Show more...
5 years ago
27 minutes 5 seconds

"Токой тили"
Мигрант апа (Миграцияда жүргөн апалар же кыйналган чоң эне, тайнелердин көйгөйү)

Ички мигранттардын жана эмгек мигранттарынын балдары Кыргызстандагы балдардын эң аярлуу топторунун бири болуп эсептелинет. Өлкө боюнча 500 миңден, 1 млн го чейин апалар мигранттар. Ошол миграцияда жүргөн апалардын балдарын баккан тайне, чоң энелердин көйгөйлөрү, чет мамлекеттке кетип жаткан аялдын сезимдери, анын уйгу-туйгусу, ойлору менен ушул подкастта таанышасыздар.

Show more...
5 years ago
33 minutes 24 seconds

"Токой тили"
"Жакшы апа болуу оңой, жакшы кайнене болуу кыйын"

КАЙЫН ЭНЕ-сени келин кылганга чейин кыялынан сан миң кызды өткөрүп, ошол кыздардын арасынан сени перзентине ылайык көргөн аял.      КАЙЫН ЭНЕ -сенин жолдошуң үчүн жанын берүүгө даяр болгон жана тарбиясы тилинде, мээрими жүрөгүндө катылып жаткан сабырдуу аял.      КАЙЫН ЭНЕ - сени канча жемелесе да, перзенттеринди сенден артык жакшы көргөн аял.

Кайнене менен келиндин ортосундагы мамилеси жөнүндөгү подкаст.

Show more...
5 years ago
36 minutes 55 seconds

"Токой тили"
Мен ала качуу менен бактысыз болдум

Турмуштун оор кырдаалына кабылып, жолдошунун кумар оюндарына берилип кеткендигинен ажырашууга мажбур болгон Розанын тагдыры.

 Жалал-Абад облусунун Көк-Арт кичи шаарчасынын тургуну Розаны ала качып, турмуш куруп, жолдошунун кумар оюндарынан көз каранды экенин билбей жашап жүрүп, эки балалуу болгону, ошондой эле оюнга акча таппай калганда Розаны уруп, иштеген акчасын алып кеткен жолдошу, оюн үчүн мени да өлтүрүп кетеби деген Розанын корунучу жөнүндө болмокчу.

Show more...
5 years ago
35 minutes 22 seconds

"Токой тили"
Агасы алып качып келген кызга жардам берген кыз

Бул подкастта агасы кыз алып качып келгенде, отурбайм, тийбейм деген кызга кичинекей кыз качууга жардам бергени тууралуу

Show more...
5 years ago
7 minutes 31 seconds

"Токой тили"
Салам! Менин атым Гүлназ Камбаралиева. Мен Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылында жашайм, менин айылымда, дээрлик кылымдарды карыткан жаңгак дарактары бар дүйнөдө уникалдуу жана жалгыз токойдун четинде туулуп-өскөнүм үчүн абдан сыймыктанам. Бала кезден менин эсимде, айылдарды курчап турган укмуштуудай кооз табият, токойдогу жандуу турмуш, дарактар мунун баары менин бала чагым!. Ал эми токойго барганда бак-дарактар, чөптөр, гүлдөр өз алдынча жашоо өткөрүп, өз тилинде сүйлөгөн башка дүйнөгө кирип кеткендей болчумун. Бул өзгөчө тил менин “Токой тили” деп аталган подкастыма арналды.