Бул подкастта талкууланган темалар:
- Христиандар мурда мусулмандарчалык эле такыба болгонбу? Азыр эмнеге күчүн жоготууда? Буга алардын жана биздин молдолордун айыбы барбы? Биздин айыбыбыз барбы? Христиандар алтын жалатып чиркөө салса, мусулмандар да ошол багытта баратабы? Эркин ой жүгүртүүгө бут тосуу диндин өзүнүн келечегине зыянбы? Адамдардын кайдыгерлиги жана билбестигине адамдардын өзү күнөөлүүбү? Жана башка ушул сыяктуу суроолорго ойлор айтылды. Бул тема дагы талкууланууга тийиш.
Бул подкастта талкууланган темалар:
- Тарыхты окуу, тарыхтагы фактылар канчалык чын, Корея тарыхы алар айткандай болгон эмеспи, кулчулук
- Америкадагы кулчулук, аргументтерге жараша ойду өзгөртө билүү, көк беттенип бир тарапты кармап туруп алуу
Алгач ютубдан "Ихсан кооперативи" деп жазып жалпы картина алсаңыздар болот. Андан кийин бул подкастты угуу түшүнүктүүрөөк болушу мүмкүн. Ихсандын иши коомчулукка тикелей зыян жана диндин аброюна тикелей шек келтирди деп ойлойм. Пирамидалык системалар, ипотека жана башкалардын ньюанстары көп жана баарын эле адал же арам деп бөлүү кыйын.
Аракетчил редактор Генри Луи Менкен жөнүндө кыскача үзүндү жана 2 суроо.
Контентчи - Маалымат аркылуу керемет жашоого (https://kontentchi.com/)
Бул эпизоддо Дооронбек экөөбүз Айтматов, Кастро, Усейин Болт сыяктуу искусство, илим-билим, спорт жана саясат тармактарындагы адамдардын ийгиликтеринин себептерин талкууладык. Алардын ийгилиги жашынан белгилүү беле? Алардын биологиялык жана социалдык-экономикалык чөйрөсү канчалык таасир берди?
Талкууланган темалар:
- Мышыкка боору ооруу.
- Британияда кедейчиликте жашаган жумушчулар менен аристократтардын жашоосун салыштыруу (аңгемеден эскерүү).
- Жаш балдарды иштетүү. БУУнун (ООН) жаш балдарды коргоо резолюциясы.
- Турция аялдарга алгачкылардан болуп добуш берүү укугун ыйгарган.
- Мурдакы замандарда жаш каза болгон жоокерлерге элдин боору азыркыдай ооруган эмес.
- Мурдакы жашоонун моралдык эрежелерин башкача болгон.
Талкууланган темалар:
- АКШдагы кулчулук, туура салыштыруу.
- Индустриялык төңкөрүш жана башка чоң ачылыштардын дүйнө кылкынын санына таасири.
- Негрлер өздөрү башка негрлерди кул кылып Европалыктарга саткан.
- Кореядагы, Кыргызстандагы жана башка жерлердеги кулчулуктар.
Бул эпизоддо адамдар арасындагы бири-бирине болгон ишенимдин экономикага тийгизген таасири, же экономиканын ишенимге тийгизген таасири жөнүндө кеп болот. Бай өлкөлөрдө элдер арасында ишеним жогорураак экен. Кыргызстанда бул абал кандай деп ойлойсуз?
- Социалдык тармактардагы образыбыз менен чыныгы жашообуз башкача.
- Жыргап жүргөнүбүздү көрсөтөбүз, ыйлап отурганыбыз чыкпайт.
Бизнес компаниялар ортосунда, согушуп жаткан же соода жүргүзүп жаткан өлкөлөр ортосунда кандай "оюндар" болушу мүмкүн?
- Бул китептен көп жаңы нерсе үйрөнө албадым.
- Китеп кимдерге кызыктуу болот?
- Күндөлүгүндө оригиналдуу ойлор жазылыптыр.
Прокрастинация. Пландуу эс алуу. "Бөл жана башкар" ыкмасы. Мээбизде жаңы нейрондук байланыштарды түзүү.
Бул подкастта талкууланган темалар:
1. Кольберг дилеммасы: Жаш бала кыйналып лагерге деп топтогон акчасын атасына балыкка барууга бериши керекпи?
2. Зөөкүр тергөөчүнүн дилеммасы: Зөөкүр тергөөчү жалаа менен камалса акыйкаттыкка дал келеби?
3. Туткундар дилеммасы: Кылмыш кылган шеригиң менен байланыша албайсың. Подкастта айтылган, тергөөчү сунуштаган, шарттардын кайсынысын тандоо туура болот?
Туткундар теориясынын экономикадагы ролу. "Кока-Кола" жана "Пепси" компанияларынын атаандаштыгы.
Бул синдромдун психологиялык так аныктамасы жана түшүндүрмөсү подкасттагыдан айырмаланышы мүмкүн. Биз окуу тарабына жакын болгон аспектин талкууладык.
Америкалык автор Рэй Бредберинин "Каакым шарабы" чыгармасынын үзүндүсү Исламбек Ашырмаматов тарыбанан 2020-ж. апрлель айында кыргызчага которулду. Үзүндүнү окуган Озбеков Азизбек, Билимот подкасттары сериясы.
Бул подкастта "Тирүү калган адамдын жаңылыштыгы (Ошибка выжившего)" деген түшүнүк ж-дө кеп кылабыз.
Эмне үчүн дельфиндер адамдарды куткарат деген чындык эмес экенин жана согуш талаасындагы самолетторду коргоодо туура тыянак чыгаруу зарылчылыгын жогорку түшүнүктү колдонуп ой толгоп көрөбүз.
Хаслер менен эмгекчилдин айырмасы эмнеде? Ийгиликке жетүү үчүн хасл кылуу шартпы? Бул эпизоддо hustle (хасл) түшүнүгү боюнча жалпы ойлор жана ар түрдүү көз караштар айтылды.
Америкалык автор Рэй Бредберинин "Каакым шарабы" чыгармасынын үзүндүсү Исламбек Ашырмаматов тарыбанан 2020-ж. апрлель айында кыргызчага которулду. Үзүндүнү окуган Озбеков Азизбек, Билимот подкасттары сериясы.