Айзат Түмөнбаева Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургунумун. Сиз үчүн “Байбол” аталышындагы подкастты даярдагым келди. Нарын облусу тоолуу, кышы узак, жайы кыска болгондуктан ишкер кылуу үчүн мүмкүнчүлүктөр өтө чектелүү деп эсептеп келишет жана бул ачуу чындык. Айылда көбүн эсе мал чарбасы жана кол өнөрчүлүккө байланышкан кесип менен алектенип, күн өткөрүшөт. Малдан алынган продукцияларды иштетишет. Ошол эле учурда жумушсуздуктун айынан сыртка барып өнөр үйрөнүп, кайра айылда чакан ишкердик кылгандар да бар.
Бул подкастарда 6 ай бою кыш мезгили сүргөн Нарын районунун ишкерлери кантип жана кандай жагдайларда ишкердик менен алектенишээрин баяндамакчыбыз. Подкасттар жалпы кыргыз элине, ишкерлер жана ишкер болууну каалагандарга арналат.