Саламатсыздарбы, биздин Ютуб-каналдын кадырлуу көрөрмандары! "Накта Подкасттын" бүгүнкү чыгарылышы өтө чоң талкууга түшөөрүн сезип турам, анткени, бизде конокто - Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев. Бир чети, тарыхый дагы чыгарылыш болуп жатат, анткени, маек учурунда биз бүтүндөй бир доордун окуяларын камтып кеттик, советтик мезгилден азыркы күнгө чейинки орун алган көрүнүштөр жөнүндө сөз кылдык. Аскар Акаевдин табиятын, ички дүйнөсүн ачып бергенге аракет кылдык. Анда эмесе, сиздерге ыңгайлуу көрүү каалайм, кеттик...