
Саламатсыздарбы, урматтуу биздин көрөрмандар! "Накта Подкаст" каналыбыздын жаңы логотиби менен чыгарылышын тосуп алыңыздар! Бүгүн бизде конокто ишин телевизиондук антенналарды чыгаруудан баштап, учурда заманбап, минималдуулук стилиндеги эмеректерди чыгарып жаткан "Matkasym" компаниясынын негиздөөчүсү - Убай Маткасымов! Подкаст учурунда Убай мырза адам жашоосундагы маанилүү сапаттарды кантип туура өздөштүрүү керектигин, көздөгөн максатыбызга кантип жетүү керектигин айтып берди. Бүгүнкү чыгарылыш кеңештерге жана инсайдердик маалыматтарга бай! Анда, кеттик!