
Венера Сагындык кызы (Джуматаева), Эркин Европа/Азаттык радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. #MediaKyzdar подкастында ал бүгүнкү күндөгү сөз эркиндигин талдап, жеке ойлору менен бөлүшүп, кыргыз журналистикасынын тарыхына кайрылып, ага таасир эткен окуяларды, аттарды, анын ичинде Азаттыктын ордун, тарыхын белгиледи. 2001-жылдан бери Эркин Европа/Азаттык радиосунун радионун Прагадагы кеңсесинде журналист, редактор, жетекчи болуп иштейт. Бир жыл журналисттерге тренер, дагы бир жылдай Борбор Азия боюнча регионалдык директордун милдетин аткаруучу болуп иштеген. Азыр Борбор Азия боюнча редактордун милдетин аткаруучу болуп иштеп жатат. 1990-жылдары "Азаттыктын" Кыргызстандагы эркин журналисти, Британиянын Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунда кабарчы болгон. Кыргыз, орус, англис тилдеринде макалалары жарык көргөн. Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган. Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектепте пианист, музыка таануучу адистиги боюнча билим алган. 2004-жылы "Азаттык+" жаштар программасын ачып, редактор-продюсери болгон.