
Бул сезон — жаратылышты, жерди, сууну жана жашоону коргоо үчүн аракет кылып жаткан аялдар тууралуу. Аялдар экологияда — бул жөн гана тема эмес, бул күнүмдүк иш, талыкпаган күрөш жана чоң жоопкерчилик.
Сезонубуздун биринчи каарманы — эколог, изилдөөчү — Гүлбара Оморова. Ал жаратылыш менен өзгөчө байланышта жашап, көйгөйлөрдү көрүп гана тим болбостон, алар тууралуу үн чыгарат, илимий жана практикалык чечимдерди сунуштайт.