
#МедиаКыздар подкасты медиа чөйрөсүндө иштеген айымдар менен тааныштырып келе жатат. Экинчи сезон кыргыз журналистикасынын тарыхына арналат.
Кыргыз журналистикасынын тарыхын айта турган болсок, эң популярдуу гезиттерди эстен чыгарбашыбыз керек. Алсак, эң көп нускалуу «Супер-Инфо» гезити. Мен бул басылманын мурдагы башкы редактору жана директору Шайиста Шатманованы маекке чакырдым.
Шайиста Шатманова 1981-жылы 16-октябрда Ала-Бука районунун Биринчи-Май айылында туулган. 2003-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтун бүтүргөн, кесиби боюнча журналист.