Home
Categories
EXPLORE
True Crime
Comedy
Society & Culture
Business
Sports
TV & Film
Health & Fitness
About Us
Contact Us
Copyright
© 2024 PodJoint
00:00 / 00:00
Sign in

or

Don't have an account?
Sign up
Forgot password
https://is1-ssl.mzstatic.com/image/thumb/Podcasts115/v4/e4/d9/ae/e4d9aedf-aa09-30ab-f2e2-3a3b89aa5d91/mza_4741376778599935649.jpg/600x600bb.jpg
ЫСЫК НАН YSYK NAN
S Kaldybaeva
7 episodes
5 days ago
Памирлик кыргыздар тууралуу кыргыз тилиндеги биринчи подкаст. Podcast from Kyrgyzstan about ethnic Kyrgyz people, who are living in Afghanistan.
Show more...
Documentary
Society & Culture
RSS
All content for ЫСЫК НАН YSYK NAN is the property of S Kaldybaeva and is served directly from their servers with no modification, redirects, or rehosting. The podcast is not affiliated with or endorsed by Podjoint in any way.
Памирлик кыргыздар тууралуу кыргыз тилиндеги биринчи подкаст. Podcast from Kyrgyzstan about ethnic Kyrgyz people, who are living in Afghanistan.
Show more...
Documentary
Society & Culture
https://d3t3ozftmdmh3i.cloudfront.net/production/podcast_uploaded/2503451/2503451-1585215703141-0dc47b87bc847.jpg
Памирлик кыргыздар кимдер,кантип Афганистанга барып калышкан?
ЫСЫК НАН YSYK NAN
35 minutes
5 years ago
Памирлик кыргыздар кимдер,кантип Афганистанга барып калышкан?
Биринчи кыргыз тилиндеги подкаст Памирдин (Афганистан) карлуу тоо кыркаларында бир нече жүз жылдан бери этникалык кыргыздардын байырлашын, бүгүнкү күндө тагдырдын жазмышы менен жаңы жерге – Нарындагы Тянь-Шань тоо этегине жайгашуу темасын ачып берүүгө арналган. Кайрылмандар жаңы конуштардагы турмушу кандай өтүп жатат? Алар кыргыз коомчулугу менен аралашып, анын толук кандуу бөлүгү болуп кете алдыбы же башкача айтканда алар өз үйүндөгүдөй сезе алыштыбы? Подкаст автору – Салтанат Калдыбаева философиялуу суроого жооп издейт: Дегеле Мекенинин – жыл бою чыкыроон суук, кар жана шамал өкүм сүргөн жапайы Памирди жаркын келечекке тартуучу өзгөрүүгө айырбаштоого болобу? Бул подкаст жөн жерден «Ысык нан» деген аталышты алган жок. Автордун белгилөөсүндө, өз үйүнөн чыгып кетип жаткан ар бир адам биринчи эле кезекте үйдө жакын адамдары жасаган колдун нанын сагынат. Анын аңкыган жыты адамды толугу менен тартып алып, токчулук, жыргалчылык, кандайдыр бир коргоочулук сезимдерди тартуулайт. Ырасында, баарыбыз үчүн нан – бул байгерчиликтин, токчулуктун жана өз коломтоңдун белгиси. Подкасттын автору Салтанат Калдыбаева – радиожурналист. 10 жылдан ашуун «Биринчи радио» радиосунун журналисти болуп иштеп келет. «Сорос-Кыргызстан» фонду менен кызматташып, кыргыз тилиндеги материалдарды даярдоо үчүн атайын Нарын облусунда болуп, подкасттын бир нече эпизоддорун даярдады. Анда алардын ыңгайлашуусу, ишке орношуусу жана турмуш-тиричилиги тууралуу аңгеме-баяндар («стори-теллинг») камтылган. Мындан 3 жылдай мурун Нарын облусунун аймагына Ооганстандагы этникалык кыргыздардан 10 үй-бүлө көчүрүлүп келинген. Алар деңиз деңгээлинен 4,5 миң метр бийиктиктеги Чоң жана Кичи Памирдин суук жана бийик тоолуу, чөл шартында жашап келишкен жана цивилизацияга аралашууга шарты да болгон эмес. Анда-санда гана Ооганстандын шаарларына азык-түлүк алууга барып-келишчү. Кыргызстанга көчүп келүү алардын көптөн берки кыялы. Бир топ жыл мурун Кыргыз Өкмөтүнүн өкүлдөрү Ооганстанга кезектеги экспедиция менен барып, Памирге гуманитардык жүктөрдү: азык-түлүктөрдү, жылуу кийим-кече жана дары-дармектерди жеткирип келишкен. Экспедицияга Памир кыргыздары кирип, барган делегация менен кайтып келген. Алардын делегация менен келишинин башкы максаты балдарынын билим алуусу болгон. Чындыгында эле бул максат ишке ашып, кичинекей боордоштордун кат-сабаты ачылган. «Памир балдары бир топ ийгиликтерге жетишкен: алар ыкчамдатылган эки жылдык программа боюнча окуганды, эсептегенди жана башталгыч класстардын баардык окуу, жазууларын өздөштүрүшкөн. Буга чейин алар фарси тилинде гана жаза алышчу. Кириллица тамгасы менен жазуу аларга кыйынчылык жараткан жок»,- дейт подкаст автору Салтанат Калдыбаева өз тажрыйбасы менен бөлүшүп. Ал эми Памирден көчүп келген чоң адамдардын социалдашуусу татаалыраак болду. Турмуш көнүмүшүнөн жана азыркы кыргыздардын адаттарынан алар чыныгы маданий шокко кабылышты. «Ал гана эмес адамдардын мончого жуунушу же жөн эле макарондун куурулушу алардын оюна эч келбеген, таптакыр жаңы көрүнүш болду»,- дейт Салтанат. Ошол эле маалда , бул материалды даярдап жатканда памир кыргыздарынын көпчүлүгү Кыргызстандагы жашоо-турмуштун артыкчылыгын терең түшүнүп турса дагы, кайра эле өз Мекенине, бийик тоолуу Памирдеги, жыты аңкып, жаңы нан бышырып жаткан мештин айланасындагы жердештери менен жашоого кайтып кетүүнү самашаары белгилүү болду… «Сенин жүрөгүң кайсы жерде болсо, үйүң ошол». Бул кептин айланасында ой калчап отуруп, аргасыздан «Балким Өкмөттүн кайрылмандарга көмөк көрсөтүү боюнча программасын жакшылап иштеп чыгуу керектир?» деген ой келди. Албетте, социалдык жеңилдиктерди берүү – бул жакшы деңизчи. Бирок памирликтер менен анча-мынча жашап көрүп, Мекенине болгон жүрөк ооруткан кусасын сезесиң. Анан бара-бара кан-жаныңды берип, кийинтип, ичинтип, жылытуу менен катар жүрөгүңдү ача билишиң керек экенин түшүнө баштайсын. Суроо-сунуш болсо Фейсбуктан Салта Калдыбаевага жазсаныз болот!
ЫСЫК НАН YSYK NAN
Памирлик кыргыздар тууралуу кыргыз тилиндеги биринчи подкаст. Podcast from Kyrgyzstan about ethnic Kyrgyz people, who are living in Afghanistan.