
"Кыштакта бир күн" долбоорунун максаты: Кыргызстандын айыл аймактарындагы түрдүү үрп-адат, диалектикалык, маданий (колорит) өзгөчөлүктөрүн кеңири жайылтып, түшүндүрүү аркылуу достукту жана биримдикти чыңдоо. Долбоор "Сорос-Кыргызстан" фондунун "COVID-19 - Медиа кол кабыш" долбоорунун колдоосу менен даярдалган.Биздин алгачкы чыгарылышыбыз Араван районунун Аччы айылына болгон. Бул жерден сиздер буюмдардын, сөздөрдүн диалектикалык аталыштары менен толук тааныша аласыздар. Салам, достор! Менин атым Сыймык. Сиздерге мен "Кыштакта бир күн" аталышындагы аудиоподкастымды угууну сунуштайм. Бул долбоор аркылуу сиздер Кыргызстандын түрдүү аймактарындагы кызыктуу айылдар, ал жердин диалектикалык өзгөчөлүктөрү менен тааныша аласыздар. Эң өзгөчөлүгү - мен ар бир барган айылда бир кыз менен таанышам. Анан ошол бийкеч мага айылды тааныштырууда жардам берет. Биздин подкаст сиздер үчүн ыңгайлуу жана кызыктуу болушуна ишенем. Анткени биз диалектикалык сөздөрдү толугу менен түшүндүрүп беребиз. Маалымат иретинде айтайын, биздин бул долбоорду сиз өзүңүзгө ыңгайлуу болгон бардык форматта көрүп, окуй аласыз. Ал үчүн биз тв жана сайттагы версиясын дагы даярдаганбыз. Аларды сиз "Биздин ТВ" ютуб каналынан жана yntymak.kg сайтынан "Кыштакта бир күн" деп издесеңиз, табасыз.